Жылдыздар 10 жыл мурун кандай эле?

Кыргыз эстрада ырчылары мындан 10 жыл мурун кандай эле? Ырчы Айнура Салахидинова социалдык тармактагы баракчасына мындан 10 жыл мурун айрым кесиптештери менен чогуу түшкөн сүрөттү жарыялады. Албетте, 10 жыл оңой убакыт эмес. Сүрөттөн жылдыздардын бир топ эле өзгөргөнүн байкоого болот.
Салахидинова сүрөт тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Сүрөткө 10 жыл мурун Кой-Таш айылында "Жоокер жылдыз" долбооруна тартылуу учурунда түшкөнбүз. Долбоордун шарты боюнча, баарыбызга аскерге чакыруу келип, 20 күн кызмат өтөгөнбүз. Кадимкидей эле жоокерлердин кийимин кийип жүрүп, дал ушул күнү аскерлерге концерт койгондуктан, аскердик форманы чечкенбиз. Аталган долбоорго Кайрат Примбердиев, Ильяз Андаш, Роза Шакирова, Фарида Карбозова, Азиза, Айгүл Чалова, Камчы Сарыбаев, Сапар Эркебаев жана башка ырчылар катышкан".

Достугунар, талантынар оркундой берсин.
Жакшы бир коз ирмемдер эле калат, бул да болсо суроттордо.Суроттор журо берсин кулумсуроп, эстелик болуп...
Жалгыз Кайрат Примбердиев жалгыз ушул жигит иштеди, эмгектенди, өстү!!!! Мыкты талант экенин чет жерден далилдеди, калганы жөн эле акча жиндилер, голос талант ноль, акча болсо болду! Өзүү өнүү ойунда жок, ойу жалаң акчада, тойдо. Чет жерге конкурска катышканга духу жетпейт, кастингтен өтпөй уят болом деп