super.kg logo

Орусияда "Террорго каршы" рейддин жүрүшүндө 35 Кыргыз жараны кармалып кийин бошотулду

 

Орусияда 35 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-февралда элчиликтин ыкчам байланыш телефону аркылуу Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан 35 Кыргыз жаранынын кармалышы боюнча маалымат келип түшкөн.

Ушуга байланыштуу элчиликтин кызматкерлери Москванын Новогиреево райондук полиция бөлүмүнө барышкан. Анда чет элдик жарандардын документтерин тактоо боюнча “Террорго каршы” рейддин алкагында пландык текшерүү жүрүп жатканы белгилүү болгон.

Элчиликтин кызматкерлери аталган милиция бөлүмүнүн башчысы менен жолугушуп, анда укук коргоо органынын өкүлү кармалгандарга карата бардык укук, кызыкчылыктарын сактоо менен иш алып барылып жаткандыгын жана тийиштүү текшерүүдөн кийин бошотуларын билдирген.

"Жашаган жериндеги каттоосу боюнча документтери текшерилгенден кийин 32 Кыргыз жараны коё берилип, калган 3 жаранга карата административдик протоколдор түзүлүп, ага ылайык жарандар аймактан чыгарылбастан, айып төлөөсү зарылдыгы такталган.

Ошону менен бирге мындай окуялардын алдын алуу максатында жарандар менен “суроо-жооп” форматында маек жүргүзүлүп, жарандарды жашаган жерине каттоого тургузууда Орусиянын миграциялык кызматы тарабынан гана ишке ашары белгиленип жана ортомчулардын кызматынан колдонбоо эскертилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: