super.kg logo

Лейлектин акими "Тажикстан менен мындан ары көйгөй жаралбайт" деген ишеничте

 

"Тажикстан менен мындан ары көйгөй жаралбайт". Мындай пикирин бүгүн, 10-февралда SUPER.KG'ге Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын Гафуров районунун акими менен сүйлөшүп, эки тарап ушундай жыйынтыкка келишкен.

"9-февралда Тажикстандын Лейлек району менен чектеш Гафуров районунун акими менен сүйлөштүм. Жыйынтыгында Сада айылындагы каналга коюлган темир контейнерди алып, анын ордуна Гафуров районунда даяр турган чакан көпүрөнү алып келип убактылуу орноттук. Кийин башка көпүрө салынат. Ошондой эле башка көйгөйлөр жаралбашы үчүн электр энергиясы үчүн зымдарды тартуу жана таза суу маселелерин биргелешип чечүүнү сүйлөштүк. Мындан ары эки райондун ортосунда көйгөй жаралбайт", - деди Бекмуратов.

Белгилей кетсек, 8-февралда Тажикстан "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттеринен адамдардын, унаалардын өтүүсүнө тыюу салган. Ошондой эле Лейлек районундагы Сада айылындагы көпүрөгө өтө турган жолду жаап, чек арачылардын санын көбөйткөн. Кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өткөрүү бекеттери жана жол ачылган.

Сада айылынын 75 окуучусу Кулунду айылындагы мектепке барып окуп келүү үчүн сайга курулган темир контейнер аркылуу өтүп келишкен. Ал контейнер облустук администрациянын тапшырмасы менен коюлган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
10.02.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткен тарапта ар дайым ушундай койгой болуп келген же Тажикстан, же Озбекстан менен. Нормально конул болуп чек араларды карап коюшса болот. Конушу олколор каалаганда бузуп кетет, каалаганда атып кетет, каалаганда тосуп кетет...
10.02.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
АК уйду Ошко кочуруш керек. Президентская Резиденцияны Баткенгенге куруш керек депутаттар ошол жактарда жашашсынОшондо тынчыраак жашоо болот.Кээчке эле Бишкекте бекинип отуруп алып Оштуктар эмне келип жатасынар дей бербестен!Бишкек кооз шаар болуп тура берет!
10.02.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эртен ошол копурону биз бергенбиз деп ээлеп албасында жерди. Кичине катуураак суйлошуш керек эле.
10.02.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubinis,Туура айтасын копурону тегереги менее ээлеп алышы мумкун
10.02.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин ал жактагы аскерлер коркпойт буйрук берсе эле энесин окута койот аскерлерин.билбейм просто биздин чондор коркот окшойт катуураак айтышка бир нерсе чыгып кетет деп.
10.02.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NURТыTILEK_KG,коркотда албете ок атылып Адам олсо аскерлерин туруп беретда буйрук Берген деп
10.02.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу тажиктер кимге керек озу тим эле чек арасын жаба калып. Мына биз жапсак жарашат. Сыйлаган сыйды билишпейт тонналап арзан бензин ташып берсе да оздорунчо тылтындашат. Кыргыздар ото кен пейил элбиз да коркутуп койушка кучубуз жетип турса озубуздун жерибизге бастырып кирсе деле отурабыз суйлошолу кой кой дейбиз. Кой кой деген сайын койчунун таягына сойонот болуп атышат.
Bolunbo.kyrgyz түзөттү 2018-02-10 17:35:22
10.02.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандайдыр бир договор болгон антпесе минтип уверенно айтмак эмес аким
10.02.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таджикистан таможниясин жаап салса лейликтиктар ачга улотго
11.02.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zidanjon1,туура эмес тажиктер ачка олот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: