super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Сапар Исаков Дубайга иш сапары менен учуп кетти. Кимдер менен жолугат? (тизме)

 

Бүгүн, 10-февралда премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында өкмөт төмөнкү тизмедеги адамдар менен эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эмираттын мураскер ханзаадасы Эль-Фуджейра Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки,

Өнүктүрүү фондунун башкы директору Абу-Даби Мухаммад Саиф Аль-Сувейди,

"Investment Corporation of Dubai" аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани,

"Emaar Properties" компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар,

Дубай эмиратынын полициясынын башчысы Абдулла Халиф Аль Марри,

"VPS Health Care" компаниясынын башчысы, доктор Шамшир Ваялил,

"Air Arabia" авиакомпаниясынын башкы директору Адель Аблулла Али,

Дубай эмиратынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль Гурейр.

Саммиттин алкагында премьер-министр жергиликтүү полициянын ишмердүүлүгү, эмираттын укук коргоо органдары колдонгон алдыңкы технологиялары жана полициялык участканын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Мындан тышкары Сапар Исаков "Жардыруу" — чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" аттуу панелдик дискуссиянын ишине катышат жана БАЭнин вице-президенти, премьер-министри, Дубай эмиратынын эмири Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумдун катышуусунда параллелдик сессиясына катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: