ЭЛДИК КАБАР: Мал багуучулар бир уйга бирка басуу 70 сом болуп жатканына нааразы болууда



Мал багуучулар бир уйга бирка басуу 70 сом болуп жатканына нааразы болууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына окурман билдирди.
"Айыл өкмөттөн адамдар жүрүшөт, кааласаң да, каалабасаң да ар бир жандыкка бирка басып жүрүшөт. Бир уйга 70 сом болууда, он малың болсо 700 сом. Бул биркаларды өкмөт кайдан сатып алып, кандай тарифте эсеп кылып 70 сом деген баа койду? Бай мамлекетте да мынчалык баа жогору эмес. Биз, өзүбүз кедей мамлекет болсок, анан кайдагы 70 сомду коюшканын түшүнбөйсүң. Биркалар бизге Кытайдан арзан баада келсе керек. 20 же 30 сом болсо деле биз нааразы болбойт элек. Бүт эле айылдагы жашоочулар нааразы", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Жомокко ишенбей кичине реалист болгулачы?!!
Бирка басылса, басылбаса айырмасы жок...
Мобу биркалар боюнча министрлер, департамент директорлору эмее деп актанып доорушот экен, куто туралычы...
Любом случае бирка баскандары учун 20-30 сомдон жогорку акча бербегиле!!!
Ал бирка дегенин болбогон нерсе, аны чыгарып же сындырып, ордуна башка бирка тагып кою ерунда...
Мал-койдон куроп куроп пайда тушуп жаткандай суйлойсун да...
Ошол малдын жем-чобу канча деп бир сурап суруштуруп корчу, байболгур, экран артында жазат десе урдура бербей!!!
Анан да, базардан уй сатып алсан паспортун сурап сатып алып калгансынбы?!! Жок жомокту айтпачы!!!
Олко боюнча канча алтын-кумуш болсо баары казылып жатат. Кана ошолордун элге пайдасы?!! Эл жакшы жашаса элдин 1/3 талаалап тентип кетмек беле, уй-булосун багам деп?!! Ошол алтын-кумуш башка олкодо бол