ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Ошто Мелис Мырзакматов ачкан жолду 2 аял жаңжал чыгарып жаап салышкан. Айдоочулар жаман жол менен каттоого аргасыз"




"Ош шаарынын Учар айылында экс-мэр Мелис Мырзакматов чектерди берип, картасын түзүп, Ак-Тилек кичи районуна туташтырып чоң жакшы унаа жолун ачып берген. Бирок ал жолдон 2 аял жаңжал чыгарып унааларды өткөрбөй, жолду жаап салган", - деп бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына окурман билдирди.
"Жергиликтүү тургундар арыздана берип, кимге кайрыларын билбей чарчашты. Азыр "Кайырма" каналдын боюндагы жаман жолдон унаа менен каттап жатышат. Бирок берки тегиз жолду ачып беришсе жакшы болмок. Жазында курулуш башталса эл кыйналат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Кооптуу десе жолду кенейтип жолдун эки жээгине тротуар курушсун.
королуптур, бул маселени чече тургандар ошол копуродон жегендери билинип калатко анда.
Ким ошол 2 катын, АША менен Сокенин туугандарыбы?!!
Тойгузду да ушул бийлик, дагы канча чыдайбыз бул бийликтин зоркурлугуно?!! Бийликке жалан ууру-каракчылар чогулуп алышкан, буларды кочукко тээп айдап кууп чыкмайын олко онукпойт, беспредел токтобойт, жол кырсыктары азайбайт, коррупция гулдоп, тышка тентиген жаштардын агымы суюлбайт!!! Кереги жок мы
Ошол милиция, прокуратура, мэрия, архитектура иштебей отурса бийлик башындагылар куноолуу болот да, ошондой системаны тузгон....
бирок биз эчтеке дебей эле оотурабыз менда бир катын алып жолду жабам деп жаптырып салсамбы