super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн футзал боюнча Азия чемпиондугунун финалы өтөт. Япония-Иран беттеши Бишкек сааты боюнча саат 17:00дө башталат

 

Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун финалында Япония менен Иран курама командалары беттешет.

Аталган мелдештин жарым финалында Япония курама командасы Ирак курамасына туш келген. Беттештин жыйынтыгында япониялык футзалчылар 3:0 эсебинде Ирактын командасын жеңип алышкан.

Жарым финалдагы 2-беттеште Иран курама командасы Өзбек курамасы менен беттешкен. Оюндун жыйынтыгында Иран курамасы 7:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Муну менен Азия чемпиондугунун финалында Иран менен Япония курама командалары кез келмей болду. Өзбекстан жана Ирак курамалары 3-орун үчүн беттешет. Финалдык беттеш 11-февралда, Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталса, 3-орун үчүн беттеш 11-февралда, Бишкек убактысы боюнча 14:00дө орун алат.

Белгилей кетсек, Иран курама командасы бул Азия чемпиондугунда атаандаштарын ири эсепте гана утуп келе жатат. Мелдештин тайпалык баскычында Иран курамасы Мьянма командасын 14:0 эсебинде, Кытай командасын 11-1 эсебинде, Ирак курамасын 5:3 эсеби менен утуп алган. Ал эми, чейрек финалда Тайланд командасы менен беттешип 9:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Айта кетсек, футзал боюнча Иран курама командасы 11 жолу Азия чемпиондугун багындырган. Ал эми Япония курама командасы Азиянын 3 жолку чемпиону.

Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун тайпалык баскычында алгач Ливан курамасы менен кез келип, 2:2 эсеби менен жыйынтыктаган. 2-беттеште Кыргыз футзалчылар Иордания менен ойноп, 3:1 эсебинде утуп алган. Тайпалык баскычтагы чечүүчү беттеште Кыргыз спортчулары Таиланд менен беттешип, 1:8 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.02.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озбок туугандар азаматсынар! 3-орунду озбектер алат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: