super.kg logo
  Спорт  

Кышкы Олимпиада оюндары: Бүгүнкү күндүн алгачкы чемпиондору белгилүү болду, бүгүн жалпы 6 медалдар топтому ойнотулууда

 

Бүгүн, 11-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 11 түрү боюнча мелдештер өтүүдө.

Анда кышкы спорттун 6 түрү боюнча медалдар ойнотулууда, алар:

  • Сноуборд: эркектер арасында;
  • Лыжа менен жарышуу: эркектер арасында 30 чакырым аралыкка жарышуу;
  • Коньки менен чуркоо: эркектер арасында 5000 метр аралыкка жарышуу;
  • Чана спорту: эркектер арасында бир орундуу чана менен жарышуу;
  • Биатлон: эркектер арасында 10 чакырым аралыкка жарышуу;
  • Фристайл: кыз-келиндер арасында.

Азыркы тапта сноуборд боюнча мелдеште жеңүүчүлөр аныкталды. Анда чемпиондукту АКШлык Жерард Редмонд камсыздаса, күмүш медалды канадалык Максанс Парро тагынды, коло медалдын ээси канадалык Марк МакМоррис болду.

Ошондой эле бүгүн кёрлинг, муз үстүндө бийлөө, коньки менен чуркоо жана хоккей боюнча мелдештер өтүүдө.

Жалпы командалык эсепте азыркы учурда: Германия курама командасы 2 алтын жеңип алып алдыда келе жатат, 2-орунда Голландия курама командасы 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль менен жайгашкан, 3-орунду 1 алтын медалдан жеңген Түштүк Корея, Швеция жана АКШ курама командалары талашып келе жатат.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнөн Кышкы Олимпиада оюндарында 2 спортчу катышмакчы. Тариэл Жаркымбаев классикалык кыска аралыктагы лыжа менен жарышка чыкса, Евгений Тимофеев гигант слалом жана слалом түрүндө күч сынайт. Тариэл Жаркымбаев 13-февралда лыжа менен жарышуу боюнча мелдеште катышат, Евгений Тимофеев 18-февралда жана 22-февралда слалом жана гигант слалом мелдешине катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
11.02.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Тундук корея менен туштук корея биригип чыкты элего? Супер, туштук корея деп болуп коюпсунар.
11.02.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
matilla,биригип чыкканы мн эки олко эки башка чыгып жатат бир гана хоккейден биригип чыгышты
11.02.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул спортчулардын атын биринчи жолу угушум
11.02.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лыжные гонки да бутту 30км аралыктагы-3 орунду тен Норвегиянын жигиттери илип кетти.Биатлондун спринт турунон да жениш кутом Йоханес Бе ден
11.02.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dembele84, ооба Норвегия экинчи орунга которулду.
11.02.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алга Россия
11.02.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Казак баурларды биринчи медали менен куттуктайм !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: