super.kg logo
  Спорт  

Өзбекстан футзал боюнча Азия чемпиондугунда 3-орунду ээледи

 

Бүгүн, 11-февралда Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунда Өзбекстан курама командасы 3-орунду багындырды.

Аталган мелдештин 3-орунга үчүн болгон беттешинде Өзбекстан курама командасы Ирак менен кез келди. Анда эсеп санын Өзбекстан курама командасы 2-мүнөттө Даврон Чориевдин голу менен ачты. Буга Ирак курама командасы 14-мүнөттө Заид Алинин голу менен жооп кайтарды.

2-таймдын алгачкы мүнөтүндө Ирак курамасынын оюнчусу Валид Халид эсеп санын 2:1 кылса, 2 мүнөттөн кийин Салим Файсал эсепти 3:1 кылып командасын алдыга чыгарды. Буга өзбек футзалчылары 25-мүнөттө Артур Юнусовдун жана 27-мүнөттө Илимжон Хамроевдин голу менен жооп берди. Беттештин 34-мүнөтүндө ирактык футзалчылар эсепти 4:3 кылып кайра алдыга чыкса, оюндун акыркы мүнөтүндө өзбек футзалчылар эсепти 4:4 кылганга үлгүрдү.

Муну менен оюндун негизги убактысы 4:4 эсеби менен аяктап, командалар пенальти сериясын аткармай болду. Анын жыйынтыгында 2:3 эсеби менен Өзбек курама командасы жеңишке жетип, Азия чемпиондугунда 3-орунду камсыз кылды.

Азия чемпиондугунун финалдык беттеши, бүгүн, 11-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө старт алмакчы. Финалдык таймашта Япония курама командасы менен Иран курама командасы кездешет.

Айта кетсек, Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун тайпалык баскычында алгач Ливан курамасы менен кез келип, 2:2 эсеби менен жыйынтыктаган. 2-беттеште Кыргыз футзалчылар Иордания менен ойноп, 3:1 эсебинде утуп алган. Тайпалык баскычтагы чечүүчү беттеште Кыргыз спортчулары Таиланд менен беттешип, 1:8 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
11.02.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Молодцы
11.02.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bizdikiler naak tyrbaibu anda
11.02.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мотивация жок да мамлекет тараптан
11.02.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азиядан озбектер з орун болду казактар болсо эвропадан россия испания португалия командалары мн тен тайлашып эвропадан 4 орун болушту 3 4 ко россиядан 1:0эле женилди а бизчи
11.02.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин озбекстанга жетиш кайда. Озбекстан бокс боюнча олимпияда оюндарында 1орунду алган. Моюнга алуу керек, кучтуу мамлекет.
11.02.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун өзбек туугандар жеңишиңер.
11.02.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Dalil,Алар кандайча туугандарын болот?!Ашанын командасы тууган десе тууган дей бересинби?!Бизге алар тууган эмес!Биз Кыргыз Кыргызга бири бирибизге тууганбыз.Казак Каракалпактарга бир аз тууган болуп кетебиз.
11.02.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Azatbek83, Мусулманга мусулман бир тууган деген ПАЙГАМБАР. Сиз деле мусулман адам болсонуз керек деп ойлойм
muni.98-98 түзөттү 2018-02-11 22:48:09
11.02.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek83, биринчиден мусулман мусулманга тууган. Экинчиден качанга чейин кошуна мамлекет эли бири бирибиз менен душмандай мамиле кылабыз. Албетте жогорудагылардын орой мамилесиден биз карапайым калк жабыр тартабыз. Хадисте айтылат жакшы айта албасаң жаман сүйлөбө деп.
11.02.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар куучту чыкты футбол боюнча Азия чемпиону болушту бийил и дагы Футзал бойунча 3 орунду алыптыр базар жок биздикилер чемпион болбосода ФИФА 2022 ге Катышса сонун болмок
12.02.2018. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ичи тарлык, коралбастык кылбайлы! Молодцы! аракеттери менен ийгиликке жетишип атат. Озубуздун колубуздан эч нерсе келбегенден кийин, "кысчу" жерди кысалы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: