super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Улуттар аралык ынтымак болмоюнча өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү мүмкүн эмес"

 

Бүгүн, 10-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош жана Жалал-Абад шаарларында Июнь окуясынын 3 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларына катышты. Премьер-министр Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” эстелигине гүлчамбар койду. “Биздин өлкөбүздө мындан ары согуш жана улуттар аралык кагылышуулар болбосун! Каргашалуу окуядан бери үч жыл өттү. Бирок мезгилдин күлүктүгүнө карабастан, биздин миңдеген мекендештерибиз башынан кечирген кайгы жөнүндө эч убакта унутпашыбыз керек.  Ошондуктан бизге азыр биримдик, өз ара түшүнүшүү жана тынчтык керек. Улуттар аралык ынтымак болмоюнча жана биздин бири-бирибизге керек экендигибизди түшүнмөйүнчө өлкөнүн мындан ары гүлдөп өнүгүшү мүмкүн эмес. Бардыгыбыз бүгүн сабырдуу болуп, башка улуттардын өкүлдөрүнө карата мамиледе толеранттуулукту көрсөтүшүбүз зарыл. Ошондо гана биздин үйүбүздө, биздин өлкөбүздө тынчтык жана туруктуулук болот”,- деди өкмөт жетекчиси. Андан соң Сатыбалдиев Жалал-Абад шаарына келип, "Сампа" эстелигинин жанындагы эскерүү митингине катышты. Өз сөзүндө премьер-министр Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жашоочуларына бул шаарларды калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекция жасаган иштер мындан ары да улана тургандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: