2 миллион сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган деп айыпталган Жогорку Кеңештин кызматкери эки айга камакка алынды
УКМК тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин кызматкеринин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировдун баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту 10-февралда карап аныктады. Ага ылайык, Закиров 8-апрелге чейин камакта кармалат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин УКМКдан Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган деп шектелип кармалганын билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Куноосу толук далилдене элек,далилдеген сон
Коп жылга кесилет ...