super.kg logo

Айыл чарба министри дыйкандарга: "Быйыл кызылчаны 18 миң гектар жерге гана өстүргүлө. Андан ашырсаңар зыянга учурайсыңар"

 

Бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарында азык-түлүктөрдү Орусияга "Росагромаркет" тармагы аркылуу экспорттоо маселесин талкуулоо учурунда дыйкандар өздөрүн тынчсыздандырып жаткан маселелерди көтөрүп чыгышты. Талас районунан келген дыйкандар өз алдынча кооператив түзүп, эмне айдоо керектигин билбей жатышкандыктарын айтышты.

Жыйында отурган айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге: "Кооператив түзүп алып, бирок эмне айдоону билбей жатабыз. Картошка айдасак ошол жылы картошка, кызылча айдасак кызылча арзан болуп калып жатат", - деп кайрылышты.

Министр ар бир райондун шартына жараша белгилеп берген өсүмдүктү гана өстүрүү керектигин билдирди. "Кызылчаны быйыл 18 миң гектардан ашырбагыла, зыянга учурайсыңар. Мисалы, Талас облусу быйыл кызылчаны 600 гектар жерге, Чүй облусу 17 миң 400 гектар жерге өстүрүүсү керек. Анткени биздеги эки заводдон ашканын эч кайда өткөрө албай кыйналабыз. Азыр министрлик ар бир районго эмне жана канча көлөмдө өстүрүү керектигин берип жатабыз. Ошого жараша иш жасагыла", - деди Мурашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: