super.kg logo

Депутат Нышанов Ош бажысындагы кирешенин чоң айырмачылыгы үчүн кызмат адамдарын жоопко тартууну сунуштады

 

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев Ош бажысындагы киреше 5 эсеге жогорулаганын айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"2016-жылдын январь айында Ош бажысынан 168 миллион 500 миң сом бажы алымы чогултулса, 2018-жылдын январь айында 591 миллион сом топтолду. Бажы тармагындагы бажы алымдары жаатында кескин өсүштөр болууда. Дагы резервдер бар экенине толук ишеним бар", - деди Ниязалиев.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов буга чейин ал каражаттын бюджетке түшпөй келгени үчүн кимдир бирөөлөр жооп бериши керектигин белгиледи.

"Айырма өтө чоӊ болуп жатат. Элдин акчасы жеп келген экен. Айрым адамдар 1 000 доллар үчүн 10 жыл түрмөгө кесилүүдө. Ошондуктан алардын жоопкерчилиги каралууга тийиш. Ал эми азыркы жетекчилердин аракетин баалашыбыз керек", - деди Нышанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.02.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Раим миллион ошон учун миллион болгонда ошну кармасанар барын айтып берет
anash түзөттү 2018-02-12 15:20:53
12.02.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шайлоого иштеткенин айтса эле Соке очуп калатда
12.02.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Раимди киргизип суракка алгыла, табакташтарын да айтып берет
13.02.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Раимдин жети атасына чейин наалат айталы!!! Кээ бирлери танкы 6 да кочо тазалап жаткан жеринен машине сузуп кетуудо...
Раим жети атана чейин наалат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: