super.kg logo

ЖАМК: "Абакта ачкачылык кармаган саясатчылардын бири суу ичти"

 

Абакта жаткан оппозициячыл саясатчылардын бири кургак ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Бүгүн эртең менен кургак ачкачылыкты кармап жаткандардын бири Кубанычбек Кадыров суу жана чай иче баштады. Бирок ал ачкачылык кармоону улантууда, болгону кургак ачкачылыкты токтотту. Учурда ачкачылык кармаган саясатчылардын баарынын эле абалдары жакшы, дарыгерлер көзөмөлдөп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат ачкачылык кармап жаткандардын бири Бектур Асанов ден соолугу начарлап, баса албай калганын билдирген. Ошондой эле ачкачылык кармап жаткандарга Дастан Сарыгулов да кошулганын маалымдаган.

Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.

7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асановжана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.02.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул Сегизбаевди кудай урат го бир куну
12.02.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Ак ийилет бирок сынбайт азаматтар чыдагыла бул кундор да отуп кетет орун алмашуу болот силердин ордунарга кире тургандар ото эле кобойуп кетишти
Jelezo түзөттү 2018-02-12 15:33:56
12.02.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колдорунан келсе кармабайбы дейм да
13.02.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне булар ошондо ачкачылык жарыялагандан бери эч нерсе жебей ичпей жатышабы?эки жумадан ашып кетти го
13.02.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип чыдап атышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: