super.kg logo

Дыйкандар Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя алуу татаал болуп жатканын айтышты

 

Аймактардагы дыйкандар Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя алуу татаал болуп жатканын айтышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 12-февралда азык-түлүктөрдү Орусияга "Росагромаркет" тармагы аркылуу экспорттоо маселесин талкуулоо учурунда билдиришти.

Алардын билдиришинче, айыл чарба үчүн алынган насыялардын пайызын төлөөгө бери дегенде 3 жыл убакыт керек. Жыйынга катышкан дыйкандардын бири пайда көрө элек жатып насыя төлөөгө туура келип жатканын белгиледи.

"Коңшу мамлекеттерде насыя төлөө мөөнөтү 3-7 жылдан экен. Биздеги Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду алынган насыянын пайдасын көрө электе эле акча төлөөгө мажбурлашат. Анан калса ири көлөмдө каражат алуу үчүн күрөөгө ири мүлк коюшуң керек жана мамлекеттик банктардын аймактардагы бөлүмдөрүнөн 3 миллион сомдон ашык акча алайын десең борборго жиберишет", - деп нааразы болду дыйкан.

Депутат Мирлан Бакиров айтылган көйгөй ушул аптада Жогорку Кеңештин жыйынында карала турганын айтты. "Ушул жума өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча маселени карайбыз. Аталган фонд жана "Айыл Банк" боюнча да сөз болот", - деди Бакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.02.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кредитти пайыз менен алсанар ошондой болот, пайызсыз бергиле деп окмотко талап коюш керек. Пайыз менен алган харам.
12.02.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте кыйын болотда Оруссия дан канчалаган акчалар кечилип атат Ошо акчаларды баарын биздин жеп жутарлар жеп тойбос болдугоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: