super.kg logo

Бишкекте акын жана обончу Элмирбек Иманалиевдин "Ырперия" аталышындагы поэзия кечеси өтөт

 

Бишкекте ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин "Ырперия" аталышындагы поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына жаш акын Рыскүл Изатова билдирди.

"Төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин поэзияларына арналган "Ырперия" аталышындагы кече 23-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында өтөт. Аталган иш-чара "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулуп жатат", - деп билдирди Изатова.

Кечеде көрүүчүлөр акындын калемине таандык ырларды өзүнүн жана жаш акындардын аткаруусунда тыңдай алышат.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда төрөлгөн. Кичине кезинен тартып кээде жаттап, кээде оюнан чыгарып "Манас" айткан Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан.

Акындын белгилүү "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы" деген ырлары калктын калың катмарына тараган. Мындан сырткары төкмө акын прозалык чыгармаларды жазып, дастан, санат ырларын аткарып келет.

Белгилей кетсек, ыр кечесине кирүү акысыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.02.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу жигит Токтогулдун ак тандай акыны
12.02.2018. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сиздин Гулбу эже Ороскул кызынын мурунку жолдошу экенинизди жакшы билсем да кичине коё турбаптыр дедим,топурагы сууй электе маркумдун соогун сыйлап развлекательный вечерлерди токтото туруу керек беле..же ал кечте эжени эскере отосузбу?...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: