super.kg logo

Никитенко интернеттеги пикирлер үчүн жоопко тартуу кооптуу демилге экенин айтты

 

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев интернеттеги пикирлер үчүн жоопко тартып, моралдык чыгым катары айыпталуучуга 20 миң сомдон жогору айып пул салууну сунуштады.

Мыйзам долбоору бүгүн, 12-февралда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды. Анда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко бул демилге кооптуу экенин айтты.

"Учурда реалдуу жашоодо баары биз ойлогондой болгон жок. Учурда жарандар кеңири өз оюн айткан жалгыз эле интернеттеги социалдык түйүндөр калды. Ошондуктан мен сиздин сунушуңузга каршымын. Бул өтө кооптуу. Бул мыйзам айрым учурда башка саясий кызыкчылыктар үчүн иштеп кетиши мүмкүн. Биз кош стандарттуулукка да күбө болуудабыз", - деди Никитенко.

Эскерте кетсек, Дастан Бекешев интернетте социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөр, маалымат каражаттарындагы кадыр-баркка шек келтирген материалдар үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун январь айынын башында сунуштап коомдук талкууга койгон. Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга коюлганда интернет колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жаратып, кызуу талкуулар, нааразычылыктар айтылган. Депутат кийинчерээк мыйзам долбоорунун текстинде ката кеткендигин, аны кайра толуктап иштеп чыгуу максатында кайтарып алганын билдирген. Андан соң 5-январда бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтынан да алынган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.02.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Силерге Мирзиёевдей президент керек, чыккан жеринерге киргизип жибере турган.
12.02.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
malades kyrgyzdardyn bawy iwtebese da seniki iwtep ketti. men keede uwul ayal deputattarga bew ketem boloturganyb betke aytyp koyot. bolboso bawyn chumkop oturgan erkekterdi kuup chygyp baaryn ayal kiwi kylyp koyso jakwy bolmok jegende da insap menen jemek
12.02.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
386 млн доллардын дайынын билгизбей анан элда суйлобосун дегенго.
12.02.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орустан айланса болот, дагы каапыр деп коебуз. Ыйман ушуларда, орустар тиги дуйнодо бейишке кирет, биздин Алла деп коюп жаман иштерди кылып жургондорубуздон коро.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: