super.kg logo

Жанар Акаев: "Интернеттеги пикирлер үчүн 20 миң сом айып салуу менен коомду чочулатып алабыз"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев интернеттеги пикирлер үчүн жоопко тартып, моралдык чыгым катары айыпталуучуга 20 миң сомдон жогору айып салуу боюнча мыйзам сунуштады. Мыйзам долбоору бүгүн, 12-февралда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Анда депутат Жанар Акаев: "Тилекке каршы, мен сиздин бул мыйзамыңызды колдой албайм. Бизде сайттардын көбү менчик, алар кечирим сурабайт. Сиз редакцияларга кайрылып, кайсы бир материалды чыгарып кой деп айта албагандай эле, сайттар өз окурмандары үчүн иштейт. Алар окурмандары үчүн кызыктуу маалыматтарды гана чыгарат. 20 миң сом мени абдан кооптондурат. Сиз азыр эң аз дегенде 20 миң деп айтып жатасыз, анда эң жогорку сумма да көрсөтүлүшү керек. Азыр бир канча журналисттер, сайттар соттон башы чыкпай жүрөт. Бул мыйзам менен коомду бир аз чочулатып алышыбыз мүмкүн. Биз ар бир адамды мен жөнүндө жакшы кабар бер деп мажбурлай албайбыз. Алар каалаганын берет. Азыр мыйзамдар сотко берип, жоопко тартууга жетиштүү", - деди Акаев.

Буга чейин Бекешев сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга коюлганда интернет колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жараткан. Депутат кийинчерээк мыйзам долбоорунун текстинде ката кеткендигин, аны толуктап иштеп чыгуу максатында кайра кайтарып алгандыгы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(27)
12.02.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Албаганынар ошол калды эле
12.02.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушудан башка иши калбай калганго биздин депуттатардын андан башка канча маселелер турат иш таппай калган болсо ошолорду чечсе жакшы болмок
12.02.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ошондо 20 миң берип туруп Дастан Бекешевди, каалаганча сөксө боло береби? Эми депутатка суроо да....
12.02.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Момбеков тура эле дежур деп айтты ушул Дастан деген XXXX
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-12 17:44:04
12.02.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын баары, соттошуп эле жатып калышпайбы. Мисалы:Азыр соттошкондун баары эле, ошол Бекешев тараптан. Эгер бул мыйзамы иштеп калса, соттошкондор көбөйүп, эч ким маанилүү бир иш кылышпай калышат го,.... 2 жыл мурда соттошкондор дагы деле соттошуп бүтө элек, алды 30 миллионго барып калды.Атам,бай дегендер деле каршы болсо керек
12.02.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат да ушул жигит. Жанар Акаев сыяктуу иштей турган эле депутаттар калып, калган ЖЕПУТАТтарды кыскартса кичинекей Кыргызстан бир топ онукмок.
70 эле Депутат жетмек, калган 50 ЖЕПУТАТтардын ай сайын 700минден кетирген чыгымы бюджетке тушуп турмак
MAB88 түзөттү 2018-02-12 17:56:52
12.02.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээккк ушу Бекешов жаман куйгуздуго адамды. Бир пайдалуураак мыйзам жазса болмок.
12.02.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындык чычалатат дейт кыргызда,чын болбосо жообун жазсын ошол интернеттеги пикирлерге и так журналисттер айтып эле журот эки жактын да жообун жазууга даярбыз деп. Андай эмес мындай деп жообун жазып койсун калганын эл таразалап алат,ошол итернеттеги ой пикир туура эмес болсо туура эместигин эл деле билип турат да. Депутаттык убактынча эле ошол эле депуттатар мандатын тапшыргандан кийин жонокой элдердей эле болуп калышын унутушпаса (асмандан кичине тушуп).
12.02.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанар Акаев азамат! Былтыйган 120 депутаттын ичинен кошомат кылбаган, коркпогон саналуу адамдардын бири
12.02.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бекешов ГАИ, интернет деген майда чуйдодон башка маанилуу койгойлор жок калганбы?
12.02.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанар Акаев чыныгы эл окулу
12.02.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жарыбаган мусор долбоор. Бекешов кетсин.
12.02.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саясатчынын теериси пилдин теерисиндей болуш керек анча-мынчага капа болбош керек деп Назарбаев айттыле. Булардын теериси мышыктын теерсиндей элего.
Озбектер тажиктер чек арадан кыр корсотуп атып кетип кирип кетип жатышат.
12.02.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
манкуртчулук деп койсок туура болчудай эл Оз пикирин айтатда же сени макташ керекби аябай кыйын Жепжутар колунан баардык иш келет деп
12.02.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл оз пикирин айтыш керекда же сени макташ керекби аябай кыйын жепжутар деп
12.02.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
манкуртчулук
12.02.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А булар болбогон проблемарды айтып журушот. Кана эркектик жигиттин намысынар чыкпайсынарбы барбайсынарбы чек арага. Тылтыйып ыссык тошокто жатып алып интернете отурасынар уйкунар келип. Нени жей калсам кыргыздардан кантип акча ондурсом деп.
12.02.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биротоло жазган ар Бир адамга 20 минден айып салгыла, ошондо Бир эле айда Билл Гейтстен ашасынар
12.02.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанар азамат. ... Ушул жигитти тапташ керек орундуу ойлоп сүйлөйт баалппп дебей
12.02.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне чындыкты айткан жакпай жатабы? Бети жок.
12.02.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир кылган ишинерге жооп бересинер, бул жашоодо болбосо, акыретте. "Аллах алдына кантип барамын "- деп ойлонгонунар бар бекен аранарда. Ынсап берсин баарынарга
12.02.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаевтын айтканы эске тушту. Депутаттар сынды, элита сынды, эми элди сындырсанар акыбал оор болот деген эле... ушул бок курсак элге пайдасы жок депутаттарды кубалап чыгыш керек болду ЖК тен..
12.02.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутаттар элди ашыкча сөз сүйлөбөй оозун жаап жүрсүн деп жатат. Биз 17 жылда мыйзамды өзгөртүп отуруп, депутаттардын чексиз бийлигине жеткени калдык. Мындай депутат эл душманы. Туура эмес жүрсө же туура эмес иш кылса да сүйлөй албай турган болуп калабыз ушул бойдон бара берсе.
12.02.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дуйно жузу б-ча инт-те такталбаган маалым-тар толтура.Ар бир адам озу анализ кылып туурасын окуп, туура эмесинен отуп кетиш керек.Ошол дагы маселеби. Озу негизи дарамети бош депутаттар ушул сыяктуу маселерди которуп чыгышат, же онуккон олколор ушундай кылышыптырбы? Элди канчалык кыссан ошончолук кучойт.
12.02.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу бекешов куйгузду
13.02.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элден сын укпаш үчүн биринчи өзүңөрдү ондошунар керек эл акты ак караны кара дейт
13.02.2018. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мискенбаев,Бекешов,Жолдошбаевдин пайдасынан зыяны коп жепутаттар.Мындайларды наоборот биз кол топтоп,депутаттык мандатынан ажыратышыбыз керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: