super.kg logo

Айыл чарба министри: "Малдын этин экспорттоо үчүн баасын арзандатуу керек, бирок дыйкандарга зыян болот"

 

Малдын этин чет өлкөгө экспорттоо үчүн баасын төмөндөтүү керек. Мындай оюн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев бүгүн, 12-февралда өндүрүлгөн продукцияны Орусияга экспорттоо боюнча өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз жеринде бир килограмм эттин баасы коңшу мамлекеттердеги эттин баасына салыштырмалуу 20-30 сомго кымбат.

"Буга чейин малдын этин экспорттоо үчүн Иранга чейин барганбыз. Азыр Сауд Арабия жана Өзбекстан менен сүйлөшүп жатабыз. Алар өзгөчө өлкөнүн түндүк облустарындагы малдын этин алууга кызыкдар болууда. Экспортко чыгаруу үчүн баа төмөн болушу шарт. Бирок арзандатып жиберсек дыйкандарга зыяны тиет", - деди министр Мурашев.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясы февраль айынын башында бир бодо мал алып союп көрүп, жыйынтыгында 330-340 сомдон сатылып жаткан эттин баасын 315 сомго төмөндөткөн. Андан ашык баага саткандарга чара көрүлөрү айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
12.02.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олконун тундугунун малдарынын этине караганда, туштуктун малдарынын эти кучтуу болот.
12.02.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Малды мал баккандардын оздорунон ала турган уюштурсанар 50сомго чейин арзан болушу мумкун.Азыр биринчи мал саткан посредниктер алат,алардан мал союп саткандар алат,алардан оптом эт саткандар алат,алардан майдалап саткандар алат андан кийин колдонуучуга жетет силер ошол бааны айтып жатасынар.
12.02.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyngyz.jk, Эн туура карапайым дыйкандан арзан алып союп саткан касапчылар эле жакшы пайдасын коруп жатышат. Мал бакккан дыйкан фермерлерден алышсын этти.
12.02.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде эт башка олколорго караганда арзан 1кг эт бизде 310 сом
12.02.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо болмок беле, чет олкого сатам деп ким арзандатат... )))
12.02.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бажы союзуна кирээрде этинерди кымбат сатасынар деп айтышпады беле. Отуп алгандан кийин арзан сатыш керек дегендери кандай.
12.02.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Этти Кыргызстандын ичинде эле арзандаткыла кымбаттап кетти.
13.02.2018. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жепжутарлардын оозунан жакшы кеп чыкмак беле.......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: