super.kg logo

Бишкекти каптаган кара түтүн сапатсыз бензинби? Адистин пикири

 

Бишкек шаарын каптаган кара түтүн акыркы кезде калкты кабатырга салып жаткан учуру. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, борбор калаанын абасын булгоочу заттарды бөлүп чыгуулардын жылдык жалпы көлөмү 240 миң тоннаны түзөт, анын 180 миңи транспорт каражаттарына туура келет.

Гидрометеорология агенттиги Бишкектин борбордук бөлүгүндө абанын булганышынын деңгээли шаардагы орточо көрсөткүчтөрдөн жогору экенин маалымдайт. “Бишкек 40-45 миң автоунаага ылайыкталган, бирок бүгүнкү күндө 500 миңден ашуун унаа бар. Күн сайын көчөлөрдө 80 троллейбус, 250 автобус жана 3 миңге жакын кичи автобус каттайт. Унаалардан чыккан уулуу заттарга азоттун кычкылы, көмүртектин кычкылы, формальдегид, күкүрттүн кош кычкылы жана башкалар кирет”, - дейт Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы.

Мекеменин адистери Бишкекте акыркы айларда абанын булганышынын деңгээли ар айлык нормадан ашып жатканын айтышууда. Тактап айтканда, уулуу заттар чектен 2-3 эсеге ашып жатат. Азоттун кош кычкылынын көп болушу өпкө ооруларына, ал эми формальдегидден уулануу аллергия, лейкемия жана рак ооруларына алып келет. Ошондуктан экологиялык таза күйүүчү майды иштетүү зарылдыгы келип чыгууда.

Евро-5 стандарты деген эмне? Евро-5 - бул унаадан чыккан уулуу заттардын көлөмү төмөн экологиялык стандарт. Аны пайдалануу унаанын шуулдаганын жана титирөөсүн азайтып, бензиндин күйүү процессин жакшыртат. Кыймылдаткычты жүргүзүүнү жеңилдетип, майдын чыгымын төмөндөтөт жана жабдуулардын иштөө мөөнөтүн узартат. 5-класстагы бензин жана дизель абадагы күкүрттүн өлчөмүн 5 эсе азайтат. Бул унаанын кыймылдаткычы үчүн гана эмес, борбор калаанын экологиясы жана тургундардын саламаттыгы үчүн маанилүү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, Евро-5 үлгүсүндөгү бензиндин зыяндуулугу 50 эсеге аз. "Өлкөдө унаалардын саны 1 миллиондон ашты. Учурда Кыргыз мамлекетинде Евро-3 категориясындагы бензин колдонулат. Бизде керек болсо, евро-3 бензинин пайдалануу деле мыйзамда бекитилген эмес", - дейт Рустамов.

Өлкөдө Евро-3 категориясындагы күйүүчү май колдонулат деп айтылганы менен, Евро деген стандартка такыр жооп бербеген сапатсыз бензин да сатылары айтылып келет. Дал ушул эч бир класска кирбеген сапатсыз күйүүчү майдын айынан аба көбүрөөк булганат.

Экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл бурган Европа өлкөлөрү Евро-5 күйүүчү майына 2008-2009-жылдары өткөн. Буга чейин экологияны унаалардан чыккан заттардан коргоо үчүн 1988-жылы регламент кабыл алынып, Евро-0 стандарты киргизилген. Ар жаңы стандарт кирген сайын мунайды кайра иштетүүчү заводдорго унаадан чыкчу уулуу заттардын көлөмүн азайтуу боюнча талаптар коюлуп келет. Сапаты жакшы күйүүчү майды колдонууга милдеттүү түрдө колдонууга өткөн өлкөлөрдө жыл сайын уулуу заттардын көлөмүнүн азаюусу аныкталат.

ЕАЭБдеги техникалык регламентке ылайык, 2018-жылдан тарта бардык мүчө-мамлекеттер Евро-5 стандартына өтүүгө тийиш эле. Беларусь, Орусия, Армения, коңшу Казакстан бул стандартка өттү. Ал эми Кыргыз өкмөтү бул стандартты өлкөдө дагы 3 жылга создуктуруп 2021-жылдан тарта киргизүүнү суранган. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Евро-5ке 2019-жылдын 1-январынан тарта өтүүнү сунуштаган. Эл өкүлүнүн сунушу парламентте колдоо таап, 2-окууда 110 депутаттын бир добушунан жактырылган. Мыйзам 3-окуудан кийин президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Дастан Бекешев Евро-5ке тезирээк өтүү зарылдыгын экологиялык кырдаал менен түшүндүрүүдө. “Азыр экологиялык абал өтө начарлап кетти. Бул шаардын экологиясы, миллиондогон жарандардын саламаттыгы үчүн кооптуу кырдаалдын жаралышына себеп болду. Ошондуктан 2019-жылдан тартып, Евро-5 стандартындагы күйүүчү майга өтүүнү сунуштадык. Экинчи жагдай: ЕАЭБге кирген бардык өлкөлөр Евро-5 стандартындагы бензинге өтүүдө. Азыр бизге ошол стандарттагы бензин келе баштады. Маселе жергиликтүү өндүрүүчүлөргө байланыштуу жаралып жатат. Менимче, алар да таза, сапаттуу күйүүчү майды өндүрүүгө өтүшү керек”, - деди Бекешев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
12.02.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2014-2015-жылдары мынчалык кара тутун болчу эмес. Азыр даана корунуп турат. Чындыгында ушул тутун машиналардан чыгып жатабы?
12.02.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
евро-3 евро-5 деп эптеп бир бизнесмендин чонтогун толтуруш керек 10.сом кошуп бензинге
12.02.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тецтики 60
Машина 20
Көмүр 20
Машинага шылтаганы туура эмес. Машина болсо жайкысын деле болмок
13.02.2018. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
тецтики
13.02.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бизде азыр адамдар деле кара тутун айдап калган.
13.02.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
386 млн $ коротуп жаңланган ТЭЦти кантип актап кетсек деген шылтообу ?
Башка өлкөлөр нөлдөн баштап курган ТЭЦтери 250 млн$ болуптур. Интернеттен карап чыксаңар. Бизде болсо 30% жаңылануу 386млн$. Ушунчалык да өз мекенибизге, элибизге, өзүбүздүн балдарыбызга кыянаттык кылып, чыккынчы болобузбу ?
Жакшы сөз айталбайм, ушунча акчаны жегендер кайра 10 эсе чыгашага учурасын.
Мекенибиздин чыккынчылары !!!
13.02.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Электромобилдерге налогдорду жоюп, растаможканы жок кылып койсун. 10-15 жылда Кыргызстанга да тесла келип калат.
13.02.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирөөлөрдүн алкымы ачылса керек
13.02.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уялган жепжутатка айтыш керек жумушуна жоо барсын уялбай абаны булгабай!
13.02.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам падам эмессинер,эптеп шылтоо кыласынар,бизнесмендер
13.02.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пикет уюштурса мен чыкмакмын. Буларды орду тубу менен кууш керек болбосо болбой калды.
13.02.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул сунушту туура эле кабыл алышыбыз керек.Сапатсыз бензин менен миллиондогон калкыбыз ууланып атат.Акырындык менен оорунун турлору чыга баштайт.ошондо аттин кылабыз.Ошол учун колдойлук бул сунушун!Озубуздун болбосо дагы балдарыбыздын дени сак келечеги учун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: