super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Литванын ортосундагы кош салыкты болтурбоо жана киреше салыгынан качууга жол бербөө жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

 

Президент Алмазбек Атамбаев “Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган Кыргызстандын өкмөтү менен Литванын өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана киреше салыгын салуудан качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 16-майда кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик жол-жоболорду Кыргызстан аткаргандыгы жөнүндө литвалык тарапка билдирүүгө тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: