Унаа сүзүп каза болгон "Тазалык" ишканасынын кызматкери үч небереси менен жатаканада жашаган
Бүгүн, 12-февралда жумуш учурунда унаа сүзүп каза болгон Бишкек шаардык "Тазалык" ишканасынын кызматкери көзү тирүү болсо жакында 60 жашка чыкмак. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдиришти.
Алардын айтымында, маркум үч небереси менен ишкана тарабынан берилген жатаканада жашачу.
"Ал бир уул, бир кыздын апасы жана төрт неберенин чоң энеси болчу. Жолдошу жок, каза болуп калган, "Тазалык" ишканасында иштегенине 2 жылдай убакыт болгон", - дейт маркумдун келини.
Ошондой эле ал маркумдун сөөгү 3 күндөн кийин Жумгал районунун Миң-Куш айылында жерге берилерин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
-1

Окмоттон акчалай жардам корсотулсо жакшы болмок уй-булоосуно, саат алган акчага караганда, же толку жок чиновниктерди орус тилин уйронгонго короткон акчаны ушундай муктаж уй-булоорго беришсе...