ЭЛДИК КАБАР: "Бишкек шаарындагы бейтапканалардын биринде лаборант анализ албай, билгениңерди кылгыла деди" дейт окурман
SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Бишкек шаарындагы №16-бейтапканада лаборант анализ албай, билгениңерди кылгыла деди", - деген билдирүүнү калтырды.
"Биринчи Май районундагы №16-бейтапканада лаборант анализдерди албай, элди тилдеп кетирип жатат. Ал бир күндө 30 гана адамды кабыл алам, калганыңарды билбейм каалаган жериңерге барып арыздангыла дейт. Кезек күтүп тургандардын саны кырктан ашык. Айрымдары көп күндөн бери жүргөндөр. Алар кайсы жакка барып анализ тапшырышат. Бул бейтапканада иштеген дарыгерлердин көбү жарандарды көрүп ар кандай анализ берүү үчүн жеке-менчик лабораторияларга жиберишет. Бул мыйзамсыз да?!" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Бишкектеги №16-бейтапканада анализдерди кабал албай жатышат






Кыргызстандын болгон жеринде эле ушундай болуп калды окшойт
Акчан болсо адамсын жок болсо айбансын эле болуп калдык. Чонтогуно акча салчы 30эмес 100 деле жанталашып карайт бул акмактарга адамдын омуру бир тыйын да болбой калды. Эптеп мед училищаны бутуп алышат да анан ушунтип сулогондо жанын куйуп кетет да. Ушул жаатта бийликтегилер чара корсо жакшы болмок да бирок аларга деле баары бир болуш керек.
Поликлиниканын лабораториясына канга анализ тапшырыш учун 3 кун каттады,30дан ашык адамды кабыл албай акыры саат 05:30 барып очередь алып тапшырып келди...
Анализди жеке менчик лабораторияларга жоноткону кээ бир врачтар иштешет жеке менчик лабораториялар менен келишим тузуп алышкан.алар жолдомо берет.тигилер ар бир айдын этегинде канча бир пайызын акчалай кылып алып келип турушат.ошондуктан бир жерин ооруса эле узиге,рентгенге,аквага,бонецкийге тапшыр дей беришет.кыскасы бизнес.
шприцке 20сомдон алат
айтоор элди эле кыйнайт какшанып очередьге туургандар жарымы гана зорго үлгүрөт