super.kg logo

Орусияда 15 жылга соттолгон жаран жазасын Кыргыз өлкөсүндөгү абактардын биринде өтөйт

 

Орусияда соттолгон Кыргыз жараны жазасын Кыргыз өлкөсүндөгү абактарда өтөйт. Бул тууралуу 12-февралда Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Д.Кадыров аттуу жаран 2014-жылы Орусияда баңгизат менен кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал жазасын Орусиянын Москва шаарындагы абактардын биринде өтөөдө. Мындан улам анын У.Кадыров аттуу атасы Акыйкатчы институтуна 2 жыл мурун кайрылып, уулунун Кыргыз жериндеги абактарга которууга жардамдашууну өтүнгөн.

"Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аталган арыз менен кылдат таанышып, кырдаалды толук изилдеп чыккан соң У.Кадыровдун кайрылуусун карап чыгуу боюнча Башкы прокуратурага расмий кат жөнөткөн. Башкы прокуратура 2018-жылдын январында кайрылууну канааттандырды. Жакын арада Д.Кадыровду Кыргыз жерине алып келишет. Эми ал жазасын бул жактагы абактардын биринде өтөйт", - деп билдиришти аталган институттан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
12.02.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мына эми бул жака которулуп келип,анан акчанын кучу менен бошотулат экенда.
12.02.2018. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Diaza,оба биздикилер акырыын акчасын алып коеберетта
12.02.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Diaza, ал жагы да туура бирок Орусиянын менттерине ишенич жок подстава деле кылып бейкүнөө камап жатат го
13.02.2018. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдан да ушинтип бул жака которуп биздикилер кое берип коюп эми кытайлар да ал жакта болгон кылмышкерлерди экстрадициялоодон баш тартып наркотик мн кармалгандарды атууга өкүм чыгарышты го.Россиянын да ишениминен чыкса анан эч ким кыргыз кылмышкерлерди өткөрүп бербей калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: