super.kg logo
  Спорт  

Кышкы Олимпиада оюндары: Үчүнчү мелдеш күнүнүн жеңүүчүлөрү

 

Кечээ, 12-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын үчүнчү мелдеш күнү жыйынтыкталды.

Анда кышкы спорттун 6 түрү боюнча медалдар ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Алар:

  • Биатлон;
  • Муз үстүндө бийлөө;
  • Фристайл;
  • Трамплинден секирүү;
  • Сноуборд;
  • Коньки менен чуркоо;

Биатлон

Бул күнү биатлон боюнча 2 жарыш орун алды. Анда эркектер 12,5 чакырым аралыкта жарышса, ал эми кыз-келиндер 10 чакырымга жарышты.

Эркектер арасындагы мелдеште франциялык биатлончу Мартен Фуркад алтын медалдын ээси болду. Ал марага биринчи келип 32 мүнөт 51.7 секунд жыйынтыгын көрсөтө алды. 2-орунда 33 мүнөт 3.7 секунд жыйынтыгын көрсөтө алган швециялык Себастьян Самуэльссон болду. Ал эми 3-орунда германиялык Бенедикт Долль болду, ал 33 мүнөт 6.8 секунд жыйынтыгын көрсөткөнгө үлгүрдү.

Кыз-келиндер арасындагы 10 чакырым аралыктагы мелдеште жалпы 60 спортчу катышып, марага 58 спортчу гана жеткен. Мелдештин жыйынтыгында германиялык Лаура Дальмайер 30 мүнөт 35.3 секунд жыйынтыгы менен 1-орунду ээледи. 2-орунда словакиялык Анастасия Кузьмина болду, ал 31 мүнөт 4.7 секунд жыйынтыгын көрсөтсө, 3-орунду ээлеген франциялык Анаис Бескон 31 мүнөт 4.9 секунд жыйынтыгын көрсөткөн.

Муз үстүндө бийлөө

Муз үстүндө бийлөө боюнча командалык мелдеш өтүп, ага 10 өлкөнүн спортчулары катышты. Бул мелдеште 1-орунду Канаданын курама командасы ээледи. Канаданын спортчулары жалпы 73 упайга ээ болду. Эл аралык олимпиада комитетинин туусунун алдында катышып жаткан Орусиянын командасы бул мелдеште 66 упай топтоп 2-орунду ээледи. Ал эми 3-орунга 62 упай топтогон АКШнын курама командасы туш болду.

Фристайл

Фристайл боюнча мелдеште 6 спортчу катышып, 1-орунду 86,63 упай топтой алган канадалык Микаэль Кингсбери ээледи. 2-орунда австралиялык Мэтт Грэм жайгашты, ал 82,57 упай топтогонго үлгүрдү. Япониялык Даити Хара 82,19 упай топтоп 3-орунду ээлей алды.

Трамплинден секирүү

Трамплинден секирүү боюнча мелдеште медалдар үчүн 30 спортчу күч сынашты. Бул мелдештеги алтын медалдын ээси норвегиялык Марен Лундбю болду, ал 110 метр аралыкка секирип, 264,6 упайга ээ болду. 2-орунда германиялык Катарина Альтхаус жайгашты, ал 106 метрге секирип, 252,6 упайга ээ болду. 3-орунду 103,5 метрге секирип, 243,8 упайга ээ болгон япониялык Сара Таканаси ээледи.

Сноуборд

Сноуборд боюнча мелдеште жалпы 26 спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгында АКШлык Жейми Андерсон 83 упай топтоп, алтын медалдын ээси болду. 2-орунда 76,3 упайга ээ болгон канадалык Лаура Блуйн болсо, 3-орунду 75,3 упай менен финляндиялык Энни Рукаярви ээледи.

Коньки менен чуркоо

Коньки менен чуркоо мелдешинде 26 кыз-келин 1 миң 500 метр аралыкка жарышты. Мелдештин жыйынтыгында 1 мүнөт 54.35 секунд жыйынтыгын көрсөткөн голландиялык Ирен Вюст алтын медалдын ээси болду. 2-орунда 1 мүнөт 54.35 секунд жыйынтыгын көрсөткөн япониялык Михо Такаги болсо, ал эми марага 1 мүнөт 55.26 секундда жеткен голландиялык Маррит Ленстра 3-орунда жайгашты.

Жалпы командалык эсепте азыркы учурда: Германия курама командасы 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алып алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы 3 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль менен жайгашкан. 3-орунда 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси АКШ курама командасы жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: