ӨКМ: "Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду"
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, окуя 12-февралдан 13-февралга караган түнү саат 03:00дөр чамасында болгон.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 64-чакырымында Honda Odyssey жана Daewoo Nexia үлгүсүндөгү эки жеңил унаа сүзүшүп алган. Натыйжада Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын 37 жаштагы айдоочусу П.Э.О. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 5 адам эч кандай жаракаттарды алган эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.