super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Бакыт Төрөбаев: "Биринчи вице-премьердин айлыгы кандай боло турганы боюнча өкмөт сунуш алып келген жок"

 

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин айлыгы кандай боло турганы боюнча өкмөт сунуш алып келбегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

“2017-жылдын 1-декабрында жаңы Конституция күчүнө кирди. Азыр жаңы Конституциянын негизинде өкмөт мыйзамга өзгөртүүлөрдү алып келип жатат. Мисалы, биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Конституция боюнча иштеп жатат. Айлыгы кандай болот? Ошол жөнүндө өкмөт бир дагы оюн айткан жок же сунуш алып келген жок. Конституциянын негизинде акимдер дайындалып жатат. Баш мыйзам боюнча акимдерди премьер-министр дайындайт. Бирок кошмо жыйын, депутаттар бар. Акимдерди кошмо жыйында бекитиш керек. Мамлекеттик органдардын отчёттору келип жатат. Анда мыйзамдардын аткарылышын карап чыгуу керек”, - деди Төрөбаев.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков айтылган сунуштар эске алына турганын айтты.

Айта кетсек, 2017-жылдын 6-декабрында Жогорку Кеңеш биринчи вице-премьер-министр кызматына Аскарбек Шадиевди шайлаган. Ал эми 7-декабрда аталган кызматка дайындоо боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

1-декабрдан баштап күчүнө кирген Баш мыйзамдагы өзгөрүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты биринчи вице-премьер-министр болуп шайланса, анда ал мандатын тапшырбайт. Ошондой эле парламенттин жыйынында добуш берип, депутаттар менен эле тең болуп талкууга катыша алат. Өкмөттөн кетсе депутаттык орду сакталат.

Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы Шадиевдин өкмөттөн ала турган эмгек акысы болжол менен 40 миң сомду түзө турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: