super.kg logo

"Атанын керээзи" тасмасы 9-баш байгеге ээ болду

 

"Атанын керээзи" тасмасы чет өлкөдө өткөн бир катар эл аралык фестивалдарда баш байгени багынтып келген. Бул жолу аталган кинонун куржуну дагы бир баш байге менен толукталды. Бул тууралуу өлкөбүздүн атынан Индиянын Бхуванешвар шаарында өтүп жаткан "Golden Triangle" эл аралык фестивалына барган Чолпон Идирисова билдирди.

Маалым болгондой, аталган фильм "Эң мыкты көркөм тасма" наамын жеңип алган.

Бул боюнча кинонун режиссёрлорунун бири Дастан Жапар уулунун айтымында, бул сыйлык аталган тасма жеңген 9-баш байге.

"Фестиваль 9-февралда башталган, бүгүн соңуна чыгат. Кубанычтабыз, бул баш байге ушуну менен тогузунчусу болду", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы Минск шаарында өткөн эл аралык кинофестивалында 3 сыйлыкка, Италиядагы фестивалда 2 сыйлыкка ээ болуп, Монреалда өткөн фестивалда "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
13.02.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалан ушундай мыкты кинолор тартылса э кыргыз киносунун кадыр баркын ак орго сити дегендер кетирип бутмой болду акча каражат табыш учун болбогон бирдемелерди тартышып
13.02.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оскар алыныздар эми
13.02.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көрсөткүлө эми, элдин кызыгуусу да тарап кетти окшойт, күтө берип
13.02.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруш керек экен
13.02.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай кинолор тартыла берсин. Ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: