2017-жылы Кыргыз өлкөсүндө эшектердин саны азайды
Бүгүн, 13-февралда Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланууда.
Анын жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүндөгү мал жана үй канаттууларын эсептөөнүн жыйынтыгы айтылып, анда 2017-жылы эшектин саны азайып кеткени белгилүү болду.
"2015-жылы эшектердин саны 53 миң болсо, 2016-жылы 43 миң, ал эми 2017-жылы 33 миң гана эшек калган. Башкача айтканда, 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу 10 миң эшекке чейин азайган", - дейт Улуттук статистика комитетинин Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын башчысы Гүлзейнеп Мурсабекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Ай койсонор боло уят барбы? Кыргызстанда 33мин эмес 10минге жетпейт. Эшек почти калбады.