Бабановдун ордуна келген депутат Жогорку Кеңештин укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетине мүчө болду
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Абдыбек Дүйшалиев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине мүчө болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде каралды.
Жыйынтыгында депутаттар тийиштүү токтомду кабыл алып, Дүйшалиев аталган комитетке мүчө болду.
Эске салсак, 24-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Дүйшалиевге мандат тапшырган.
Абдыбек Дүйшалиев 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору болуп эмгектенген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.