Депутат кооптуу аймакта жашагандарга жер тилкеси, акча берилгенден кийин эски үйлөрдү бузуп салууну сунуштады
Кооптуу аймакта жашагандарга жер, акча берилгенден кийин эски үйлөрдү бузуп салууну Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров сунуштаган. Мыйзам долбоорун бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети карады.
“Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, кооптуу аймакта жашагандарга ӨКМнын корутундусу менен камсыздандыруу төлөмү жана жер берилген соң эски үй бузулат. Өлкөдө жалпы кооптуу аймакта жашаган 17 миңден ашык үй-бүлө болгон. Учурда аларга жардам көрсөтүлүп жатып, 4 миңден ашык үй-бүлө калды. Анын 2 миңге жакыны жардам, жер тилкесин ала элек. Ал эми 2 миңден ашыгына жардам берилсе дагы коопсуз жайдан көчүшө элек”, - деди Назаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

болор болбос акча берет? ал акчаны алыш учун ала турган акчанын жарымын кайра беришин керек. жер бербей эле озунор жер сатып алгыла? ошол жерди оформление кылып беребиз дешет.№ Мен бул койгойго туш болгон учун жазып жатам