super.kg logo

Өлкөдө 2018-жылдан тартып үйлөрдү милдеттүү түрдө камсыздандыруу ишке ашпай жатат

 

Өлкөдө 2018-жылдан тартып үйлөрдү милдеттүү түрдө камсыздандыруу ишке ашпай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы Жумагүл Эгембердиева билдирди.

Чүй, Бишкекте 1 пайыз эле камсыздандыруу болду. Көбүнчө өзгөчө кырдаалдар көп болгон аймактарда жарандар үйлөрүн камсыздандырып жатышат. Бир жарым жыл ичинде камсыздандыруу төгүмүн төлөгөн 150дөн ашык жаранга 17 жарым миллион сом төлөп бердик. Анын ичинен жер титирөөдөн жабыркаган 42 үйгө, чатырын шамал учуруп кеткен 68 үйгө, өрттөн жабыркаган 8 үйгө жардам бергенбиз. Кооптуу абалдагы, бузулушу керек болгон үйлөрдү камсыздандырбайбыз”, - деди Эгембердиева.

Депутат Исхак Пирматов 2018-жылдан тартып үйлөрдү, ал эми 2020-жылдан баштап автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча кабыл алынган мыйзамды эске салды. Маалыматтарга караганда, өлкөдө үйлөрдү камсыздандыруу 600 сом, автоунааларды камсыздандыруу 2500 сомду түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.02.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
уйунду камсыздандырбасан справка берилбейт деп бербей жатышат.балдарымы бала бакчага киргизуу учун уй-булолук аныктама алайын деп барсам.квартирада турсам кантип бироонун уйун камсыздандырам.?
13.02.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камсыздандруу керек эмес себеби бир кырсык болсо үйдү толук төлөп бере алышпайт. Андай камсыздандруу кимге керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: