Жалал-Абадда ишкананын 41 640 сом акчасын өз кызыкчылыгына иштетип жиберген кассир кармалды
10-июнда Жалал-Абад ОИИБинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу бөлүмүнүн кызматкерлери 41 640 сомду мыйзамсыз өз кызыкчылыгы үчүн иштетип жиберген жаранды кармашты. Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында жайгашкан "Мүрөк-Суу" ишканасынын кассири Мырзабек К. 2012-жылдын январь айынан ушул күнгө чейин аталган ишкананын таза суу үчүн топтолгон 41640 сом акчасын кассага салбай, өз кызыкчылыгына иштетип жиберген. Аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүрүп баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Gulzhan

11.06.2013. 11:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОИИБнин кызматкерлери эми 41640 сомду 400000 кылып,кустуруп алат го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.