super.kg logo

Балдардын укугун коргоо уюму: "Эрте турмуш кургандардын көбүнүн үй-бүлө тууралуу жетиштүү маалыматы жок"

 

Жашы жете элек балдардын эрте турмуш куруусу көбүнчө өлкөнүн аймактарында катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда "Кыргыз жеринде жашы жете элек балдардын турмуш куруусуна жол жок!" аттуу долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасында айтылды.

"Долбоордун негизинде республиканын бүт аймагында иш жүргүздүк. Анын жыйынтыгында жашы жете элек кыздардын, жадакалса эркек балдардын да эрте турмуш кургандары аныкталды. Эрте турмуш жолуна аттанган балдардын көпчүлүгү үй-бүлө тууралуу жетиштүү маалыматы жок. Үй-бүлөдө атасы же энеси "турмушка чыккандан кийин кафеге барасың", "турмуш кургандан кийин шаарга барсаң болот", "турмушка чыксаң учурда тыюу салынып жаткан нерселердин көбүнө уруксат болот" деп туура эмес маалымат берип жатышат. Мындан улам бала балалык аң-сезими менен туура эмес максат коюп алышат", - деп билдиришти Балдардын укугун коргоо уюмунан.

"Кыргыз жеринде жашы жете элек балдардын турмуш куруусуна жол жок" аттуу долбоордун негизинде 100гө жакын ИИМдин, билим берүү, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо мекемесинин кызматкерлерине аймактардагы балдарга түшүндүрүү иштеринин алып баруу үчүн окутуудан өтүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
13.02.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Афганистандагы окуяны жазып салдыңарбы же тамалашап койдуңарбы ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: