super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаттарынын көбү камакка алынган бөлүм башчы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты

 

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутаттар камакка алынган Жогорку Кеңештин кызматкери Арсен Закировдун иши боюнча маселени жабык эшик артында карады. Жыйындан кийин депутаттардын көбү журналисттердин суроолорунан качып, комментарий берүүдөн баш тартты. Депутат Максат Сабиров тергөө жүрүп жаткандыктан депутаттарга да маалымат берилбегенин билдирди.

"Азыр тергөө жүрүп жатат. Бул иште канчалык кызматкерлердин, кызмат адамдарынын тиешеси бар же жогун тергөө аныктай турганы айтылды. Башка сөз айтылган жок", - деди Сабиров.

Ал эми Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мурдагы төрагасы, учурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин бул ишке тиешеси жокпу деген суроого депутат "менин оюмча Аскарбек Шадиев 30 миң долларга муктаж эмес. Бул кызматкерлердин иш аракети болсо керек" деп кыскача жооп берди.

Айта кетсек, УКМКдан Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган деп шектелип кармалганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: