super.kg logo

Жактоочу: "Ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун абалы оор, өз алдынча баса албай калыптыр"

 

"Ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун абалы оор, өз алдынча баса албай калыптыр", - деп бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына абакта ачкачылык кармап жаткан Кубанычбек Кадыровдун жактоочусу Марс Кыдыкбаев билдирди.

Ал бүгүн абакка барып, ачкачылык кармап жаткан саясатчылар менен жолукканын айтты. "Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков менен жолуктум. Бектур Асанов тамчылатма дары алып жатыптыр, ага жолуга алган жокмун. Асанов дааратканага басып бара албай, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери колунан кармап алып барып жатыптыр. Кадыров дарыгерлердин сунушу менен кечээ суу ичип баштаптыр. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Кадыров чай ичти деп жалган маалымат тараткан. Ачкачылык кармап жаткан саясатчылар эл аралык уюмдарга кайрыла турганын айтышты", - деди Марс Кыдыкбаев.

Эске салсак, кечээ, 12-февралда ЖАМК Кубанычбек Кадыров суу жана чай иче баштаганын билдирген.

Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.

7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асановжана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
13.02.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мүмкүн жакшы адамдыр . Бирок Ош окуясынан кийин бул кишини жек көрөм. Чыккынчы деп ойлойм.
Ошол учурда сепаратисттерди башына чаап, көчүгүнө тээп кууп чыкканда, азыр баатыр деп билет элем.
13.02.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Динибизде озун-озу олтургон куноо болот. Биздин элге шариятты толук жеткириш керек, болбосо озун-озу олтургондор кобойуп кетет. Сен намаз окуп Аллаhтан жардам сурасан жакшы болмок.
13.02.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөнүжок догурунуп кургак анан суйук ачкачылык деп.
13.02.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамактап турлоп, коптон жеген эмелер...
13.02.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии байкуш баса албай калыптыр дейби, анда жормолоп алсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: