super.kg logo

ЖАМК төрагасы Жапаров: "Бектур Асановдун абалы анчалык оор эмес"

 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын абалы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Ачкачылык кармап жаткандардын абалы начар, ой, жакшы, түзүк. Азыр Жогорку Кеңештин комитетиндеги депутаттар маселе көтөрүп, өздөрү алардын абалдары менен таанышып келе турган болду. №47-абак борбордук оорукана болуп эсептелет. Аларга медициналык кам көрүлүп жатат. Абалы канааттандырарлык деп айтса болот. Менин биринчи орун басарым ошол мекемени тейлейт. Ал күнүгө бир маал алардын абалы тууралуу айтып турат", - деди ал.

Жапаров Бектур Асанов өз алдынча баса албай калды деген маалымат боюнча жооп берди. "Биздин кызматкерлердин берген маалыматы боюнча Бектур Асановдун абалы анчалык оор эмес", - деди Жапаров.

Оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.

Буга чейин Бектур Асанов өз алдынча баса албай калганы айтылган.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.

7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.






ЖАМКнын төрагасы: "Абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын абалы жакшы"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
13.02.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анчалык оор эмес силерге.
13.02.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кун келип Ашанар менен кошо жооп бере турган кун келет. Ошондо коробуз силерге кимдин боору ооруганын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: