Министрлик: "Аялдардын жатын рагын радиоактивдүү нур аркылуу дарылоочу аппарат жарактан чыкты"
Аялдардын жатын рагын радиоактивдүү нур аркылуу дарылоочу аппарат жарактан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Улуттук онкология жана гематология борборуна 32 миллион сом бөлүнүп, 2016-жылы "АГАТ-ВТ" аппараты сатып алынган.
"Учурда аппарат бузулуп, иштебей турат. Азыркы тапта адистер Бишкеке келишти. Аппарат эмне себептен жарактан чыкканы аныкталууда", - деп билдиришти министрликтен.
Аталган аппарат жатын рагын, ичеги-карын ооруларын дарылоодо колдонулат.
Буга байланыштуу министрлик жаралган ыңгайсыздыктар үчүн бейтаптардан кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
barakcha

13.02.2018. 21:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буга болунгон акчаны дагы жеп койгонсунар го бир болсо?Арзанын алгансынар да.болбосо эки жылга жетпей бузулбайт эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.