Актёр Ли Мин Хо Пйоңчаңда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын ардактуу өкүлү
Азыркы тапта Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан XXIII Кышкы Олимпиада оюндарына бүткүл дүйнө назар салып турган кез. Дал ушул оюндардын ардактуу өкүлү болуп белгилүү актёр Ли Мин Хо шайланган.
"Сеулда 1988-жылы өткөн Олимпиада оюндарынан бери 30 жыл өтүптүр. Мен спорт дүйнөсүндөгү эң масштабдуу иш-чаранын экинчи жолу биздин өлкөдө өтүп жаткандыгына сыймыктанам", - деп билдирген актёр.
Ошондой эле Олимпиада оюндары аркылуу дүйнө жүзү Түштүк Кореяны жана Пйоңчаңды тааныганын каалап жаткандыгын жана спортчулар эч кандай жаракат албастан мыкты жетишкендиктерди көрсөтө турганына ишенерин билдирген.
Мындан сырткары, Ли Мин Хо лыжа тепкенди жакшы көрө турганын айтып, элди спорттун кышкы түрлөрү менен машыгууга үндөгөн.
Кышкы Олимпиада оюндарынын (2018) ардактуу өкүлү Ли Мин Хонун интервьюсу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Аял аялдай болсун деп айтышчу эле ата бабалар. Азыркы учурда булардан биздин эмнебиз кем кыздар... Булар сыртынан күлгөнү менен арамзаа митаам подхалин болушат... Кыргыздын жигиттерине жетпейт да чиркин таза,ак көңүл, боорукер, жан дүйнөсү тазабыз. Буларга тийсенер куурап гана отосунор. Эмнеси жагат.... Уялгыла кыздар... Сыртыбыз кир болгону менен ичибиз таза биздики. Сыртты жууп койсо. А ички жан дүйнөнү жууй албайбыз