Новиковго жана Экономика министрлигинин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүүгө бюджеттен 324 миң сом жумшалат
Экономика министри Артём Новиковго жана министрликтин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүүгө мамлекеттик бюджеттен 324 миң сом жумшалат. Бул тууралуу жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, келишимге кол коюлгандан тарта үч ай ичинде министрлик кызматкерлеринин тил үйрөнүшү үчүн 288 миң сом коротмокчу. Ал эми министр Артём Новиков үчүн үч ай убакытка 36 миң сом каралган.
Эске салсак, 2017-жылы август айында өкмөттүн курамын бекитүү боюнча маселе Жогорку Кеңеште каралып жатканда депутаттар Новиковдун кыргыз тилин билбегени үчүн сындаган. Ал учурда премьер-министр Сапар Исаков Новиков мамлекеттик тилди үйрөнө турганын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
-1

И баса, анан мамлекеттик резиденция (Президенттин аппараты) анан Жогорку Кенеш дагы кем калышпайт... Кааласа кол саат сатып алышат, кааласа миллиондогон акчага арак, шарап сатып алышат, чет олкодон келген делегацияны коноктойт имиш...
Тилим билбей акча төлөп уялам!!!
Мен уялам мен эмнеден уялам???
Акча жок деп асманга сапыргандан уялам!!!
Мен уялам мен эмнеден уялам???
Кечиргиле ЧИНОВНИКТЕР мен силерден уялам !!!
.
Эгер Мирзиоёв болгондо иштен бошотот эле же 1 ай убакытта үйрөн тилди дейт эле
Мамлекеттик ишке алып жатканда эмне учун Мамлекеттик тилди билуусун милдеттендирбейт?ай шорун каткан Кыргызым ай олко башчылардында чиновниктерде намыс деген нерсе калбаптыр элди тоноп тоноп олбой калсанар дагы силерге мин наалат болсун!
Ошол акчаны абага чачканча, Памирлик кыргыз биртуугандарыбыздан бир уй-булоо болсода,оз жерибизге алып келсек пайдалуу иш кылган болот элек.