super.kg logo

Журналист Элнура Алкановага эки берене боюнча кылмыш иши козголду

 

Журналист Элнура Алкановага эки берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG'ге журналист өзү билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ага Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы иш козгоп, айыбы угузулган.

"Мага кылмыш иши 2017-жылдын 18-декабрь күнү козголгон. Андан бери эки ай өттү, бирок мага бүгүн гана 2 берене менен айыбым угузулду. Ага ылайык, мага 193-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу) жана 194-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу) менен айып коюлду. Учурда иш Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилиптир", - дейт Алканова.

Ал Бишкек шаарынан чыкпоого милдеттендирилгенин кошумчалады.

Өткөн жылдын 18-декабрында Башкы прокуратура анын журналисттик материалы боюнча иликтөө жүргүзүп, "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Айта кетсек, Фергана.ру веб-сайтынын басылмасында "Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк" деген журналисттик материал жарыяланган.

Кийин өкмөттүн басма сөз кызматы журналисттен өкмөт башчысы Сапар Исаковдон кечирим сурашын талап кылышарын билдиришкен.

"Анда келтирилген жүйөлөр чындыкка дал келбегендигине байланыштуу өкмөттүн басма сөз кызматы Фергана.ру басылмасы жана анын кабарчысы Элнура Алканова тараптан өкмөт башчы Сапар Исаковдун жана анын чөйрөсүнүн аталган бүтүмгө тийиштиги бар экендиги тууралуу маалыматтын төгүнгө чыгарылышын жана коомчулук алдында кечирим суроосун талап кылат", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(6)
13.02.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
386$ млн долларды жеп койсо керек да,же 15 кытайга паспорт берип койсо керек да.
13.02.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Миллиондоп пара алган генпрокуратура эми ушул кызга кылмыш ишин ачып мамлекетке кандай пайда алып келет
13.02.2018. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Исаков кыздар менен курошпой елге иштеп берсе не болмок
13.02.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ген прокуратура чычкан андыбай 386 млн долларды таап чыкбайбы.
13.02.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жуктун ээсин таап жазасын берсенер болмок элди алаксытып майда иштерди карай бербестен!Унутат дебегиле кыныр иш кырк жылда болсода билинет.Билип туруп билмексен болуштан айтыштан уялабыз десенер болмок!
14.02.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вип городоктун ото томон баага бааланып сатылып кеткени чындык, мындайча айтканда жогору жактагылардын оздорунун жакындарына катталган, ал чындыкты айтып чыккан журналистке иш козгоп атышат, коттору чукулуп калбасын деп, соз эркиндигине ото кысым жазап атышат бул акмактар, бул коррупционерлерди ооздуктай турчу эл башчысы келет болду бекен озу, бул жегичтер мамлекетти карызга батырып бутургону калышты, мамлекеттин мулкторун ото томон баага сатып бийликте турганда болушунча пайдаланып атышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: