super.kg logo

Ала-Букалык жарандын Өзбекстандын чек арачыларынын огунан жаракат алганы боюнча кылмыш иши козголду

 

Ала-Бука районунда Өзбек чек арачылары Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип келип Асан Үсөнбаевди бутка атып, аны алып кеткен факт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан 13-февралда кабарлашты.

Маалыматка караганда, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү", "адам уурдоо" жана "адам өмүрүнө кол салуу" беренелери боюнча козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 27-январь күнү Өзбекстандын чек арачылары Ала-Бука районундагы Ажек калктуу конушунун тургуну, 1979-жылы туулган Асан Үсөнбаевди бутка атып, Өзбекстандын аймагына алып кирип кетишкен. Өзбек тарап ал жаран чек арага мыйзамсыз киргенин жана чек арачылардын буйругуна баш ийбей качып жөнөгөндүктөн ок чыгарганын билдиришкен.

Ал эми Үсөнбаевдин өзүнүн айтымында, Өзбекстан чек арасынын эки аскери себепсиз Кыргыз жерине өтүп келип, ага карата ок чыгарган. Натыйжада ал сол жамбашынан жаракат алган. Андан кийин чек арачылар аны өздөрүнүн аймагына сүйрөп кетишип, Наманган облусундагы ооруканага жеткиришкен.

31-январда туугандарынын аракети менен Үсөнбаев Кыргыз жерине алынып келген. Дарыгерлердин айтымында, Үсөнбаевдин сол жамбашын ок жанчып кеткендиктен, аны алдыда 3 жолку операция күтөт жана саламаттыгы толук калыбына келүүгө бир топ жыл керектелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.02.2018. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанын кейитда ушулардын кылыгынан. Биздин чек арачылар не кылып журушту болду экен эгер Озбоктор биз жакка кирип келип жаранга ок чыгарып жатканда. Биздикилер ушунчалык алсызбы?
14.02.2018. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коркуп ункатпай отурганго суйроп кыйкыртып алып кирип кеткенче эркек бироосу болгондо жанын саймак атуулдук намысы ойгонуп
14.02.2018. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
omke.85, Коруп туруп унчукпай туруп беришсе Аман эле болушсун,
Экоосун тен атып биз жакка суйроп кетиш керек болчу.
14.02.2018. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кылмышты кимдерге козгоду ошондо? Неге козгоду? Же Озбек аскерлерине кылмыш козголдубу? Бул ары жок оперлер эми тиги ок жеген байкуштун жанын койбойт, анан акырында "озу куноолуу" деп камапда коё беришет биздин мелийса соройлор.
14.02.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Намыс жок алсыз
14.02.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жактарда биздин чек арачыларыбыз журбойт деле. Байкабай нейтральная зонага жакындасан озбек чек арачылары кармап алат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: