super.kg logo
  Спорт  

"Ювентус"-"Тоттенхэм": Чемпиондор Лигасынын алгачкы баскычындагы бүйүр кызыткан оюн

 

Чемпиондор Лигасынын ⅛ финалдык баскычындагы алгачкы беттештердин кызыктуусу болгон Италиянын “Ювентус” футболдук клубу менен англиялык “Тоттенхэм" футболдук клубунун ортосунда кызуу оюн болуп өттү.

Ышкырык жаңырып оюн башталганына 2 мүнөт болгондо стандарттык абалдан көтөрүлгөн топту Игуаин алыскы тогуздукка багыттап эсеп санын ачты. Оюндун 8-мүнөтүнө келгенде Бернардески 11 метрлик айып соккусун иштеп таап, Игуаин эсепти 2:0гө айлантты. "Тоттенхэмдин" удаа-удаа коюлган кооптуу чабуулдарынан кийин "Ювентус" коргонууга ыктап, топ италиялыктардын аймагында көбүрөөк ойнолуп жатты. Англиялыктардын тынымсыз жасаган кооптуу чабуулдарынын бири 35-мүнөттө мүдөөсүнө чыгып, Харри Кейн эсеп санын 2:1ге айлантты. Биринчи бөлүктүн акыркы мүнөтүндө "Ювентус" дагы бир 11 метрлик айып соккусун иштеп тапты. Бул жолкусунда Игуаин ийгиликсиз болуп, топ дарбазага тийип "Тоттенхэмди" 3-голдон дарбаза темири сактап калды.

Экинчи бөлүк биринчи бөлүккө караганда жай ыргакта башталды. Топ эки тараптын аймагында бирдей ойнолуп жатты. Оюндун 72-мүнөтүндө жаны тынбаган Эриксен Буффондун дарбазасына таамай сокку узатып эсеп сандарын 2:2ге өзгөрттү. Топту көбүрөөк көзөмөлдөгөн "Тоттенхэм" командасы коргонууга ыктап, топту көбүнчө ортоңку аймакта сактоо менен 2:2 эсебин сактап калууга аракет кылып жатты.

Финалдык ышкырык жаңырды, оюн 2:2.

Жооптук беттеш 8-март күнү болот, анда "Тоттенхэм" "Ювентусту" өз үйүндө кабыл алат. Кийинки баскычка ким чыгары ошол Уэмбли стадионунда чечилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.02.2018. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тотулар финалга чейин чыгатко. Уйлорундо Ювени тытып салышат эми.
14.02.2018. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Юве менен Тотунун оюну ото кызык кечтиго
14.02.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
быйыл буфонго оор жыл окшойт
14.02.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Быйыл Англия клубтары финалда ойнойт. Буйруса бардык англия клубтары 1/4 финалга чыгат
14.02.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aksuu_aduk,Ошондой болгону жакшы
14.02.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aksuu_aduk,Челсиге насип кылбайт
14.02.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоттенхэм - Ювентус 70% 30 %
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: