super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында швейцариялык "Базель" англиялык "Манчестер Ситиге" бир да гол киргизе алган жок

 

Чемпиондор Лигасынын ⅛ финалдык оюндарынын дагы бири швейцариялык "Базель" клубу менен быйылкы Чемпиондор лигасынын фаворити саналган англиялык "Манчестер Сити" командасынын ортосунда болду.

Өзүнүн ички чемпиондугунда ийгиликтүү оюндарды өткөргөнү менен, "Базель" командасы "Манчестер Ситиге" каршы оюнда чабалдыгын көрсөтүп жатты. Тажырыйба жагынан да, оюнчулардын жеке чеберчилиги жагынан да алдыда турган "Манчестер Сити" командасынын оюнчусу Гюндоган 14-мүнөттө бурчтан көтөрүлгөн топко биринчи жетип, дарбазага башы менен сокку узатып, эсеп сандарын ачты. Ортодон 4 мүнөт өтүп англиялык команда эсепти 0:2ге айлантты, бул жолу Бернарду Силва кооз голу менен өзгөчөлөндү. Оюндун 23-мүнөтүнө келгенде Агуэронун айып аянтынын сыртынан тепкен соккусу "Базелдин" дарбазасынын ичинен орун алды. Эсеп 0:3, биринчи бөлүк аяктады, коноктор алдыда.

Ишенимдүү оюн алып барып калган конок команда 2-бөлүктө оюн ыргагын жайлатты. Топко ээлик кылуу менен позициялык оюн көрсөтүп жатты. "Үй ээлери" бир топ кооптуу чабуулдарды жасаганы менен, "Манчестердин" дарбазасы кургак бойдон сакталып турду. Оюндун 53-мүнөтүндө Гюндоган дагы бир ирет айырмаланып, дубль жасоо менен командалык эсепти 0:4кө жеткирди. Биринчи бөлүккө салыштырмалуу экинчи бөлүктө "Базель" жакшы оюн өткөрдү, бирок эсеп сандары өзгөргөн жок. Ошентип "үй ээлери" "Санкт-Якоб Парк" стадионуна келген өз күйөрмандарын кубантуучу гол киргизе албай мелдешти жыйынтыкташты.

Жооптук беттеш 8-мартта "Этихад" стадионунда болот. Анда "Манчестер Сити" өз үйүндө "Базелди" күтүп алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.02.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ман сити 1/4 финал жонундо ойлоно берсе да болот
14.02.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сити тренировка эле кылып койду базельди
14.02.2018. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Манчестер сити оз уйундо 2-курамын салса деле болот
14.02.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сити чемпион...
15.02.2018. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сити-Реал 1/4 финалда ойносун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: