super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаттары абакта жаткан саясатчылардын абалын көрүп чыгышты

 

13-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Талант Мамытов жана Жанар Акаев абакта жаткан саясатчылардын абалын көрүп чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге депутат Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, бир канча күндөн бери ачкачылык кармап жаткан үч саясатчынын бири Бектур Асановдун абалы өтө оор.

"Беш депутат болуп алгач ачкачылык кармаган үч саясатчыга жолуктук. Өзгөчө Бектур Асановдун абалы жакшы эмес, абдан арыктап, өңү купкуу. Дарыгерлер да ал кургак ачкачылык кармап, укол менен гана жашап жатканын, кан басымы кескин түшүп кеткенин айтышты. Биз ачкачылыгын токтотууну, анын талаптарын тиешелүү жерлерге жеткирүүнү айттык, бирок ал УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кызматтан кетирүү талабынан кайтпай турганын билдирди", - деди Акаев.

Андан кийин депутаттар Өмүрбек Текебаевдин абалынан кабар алышкан. Текебаев аларга түрмө жетекчилиги дарыланып алууга уруксат бербей жатканына нааразы экенин билдирген.

"Өмүрбек Текебаев жүрөгүнүн жана бутунун оорусу түйшөлтүп жатканын айтып, жок дегенде бир жумага болсо да ооруканага чыгып дарылануусуна уруксат берилбей жатканына нааразы болду. Экинчиден, ал жаткан бөлмөдө түнү-күнү иштеген видеобайкоонун орнотулушун ал киши психологиялык кысым деп баалап, аны алып салынышын талап кылууда. Бирок баарынын духу күчтүү экени, мокобогон мүнөздөрү көрүнүп турат", - деди ал.

Айта кетсек, оппозициячыл Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков 30-январдан тарта абакта кургак ачкачылык кармап жатат. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетип, мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш иши козголсун деген талаптарды коюшкан.

Ачкачылык кармап жаткан үч саясатчы 2016-жылдын март айында "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Кадыров менен Асанов 12 жылга, Карыбеков 20 жылга камалган.

Ал эми 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.02.2018. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Садыр Жапаровго барбадынарбы
14.02.2018. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бектур Асанов баса албай жатса түрмөнүн жетекчиөиги:"Абалы канааттандырарлык" дейткоо. Реанимацияда жаткан адамга жөн эле эң жакшы деген баа бергидей деп койдум.
14.02.2018. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
(Садыр)Садыкедемден да кабар алып койгула охооой бай болгурлар.
14.02.2018. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Теке аттай элего, камака тушсо эле ооруп кала бермей адатты алда пайдаланганго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: