super.kg logo

Сапар Исаков: "Баткен облусу үчүн өзгөчө 3 кадам маанилүү"

 

Премьер-министр Сапар Исаков 13-февралда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустун коллегиялык кеңешмесине катышты. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, Исаков кеңешмеде Баткен облусу үчүн өзгөчө 3 кадам маанилүү экендигин айтты.

"Биринчиден - таза суу, анткени ичүүчү суу жарандардын жашоосунда чоң мааниге ээ. Экинчиси - ирригация боюнча кадам, анткени бул аймакты жана агроөнөржай тармагын өнүктүрүү үчүн ал да манилүү. "Таза коом" кадамы чоң мааниге ээ. Биз бул үч кадам алкагында жарандарыбыздын бакубаттуулугу үчүн иш алып баруубуз керек. Анткени алар Баткен облусун өнүктүрүү үчүн өзгөчө маанилүү", - деди Исаков.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы облустун 2017-жылдагы өнүгүүсү, 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берип жатып 202 айылдын 30у гана интернет менен камсыздалганын, 42 айылда мобилдик байланыш жоктугун билдирди. Анын айтымында, калган 172 айылды интернет менен камсыздоо үчүн болжол менен 60 миллион сом керектелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.02.2018. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар аймакка барып, ар нерсени айтып коюп кете бересинер, анынар эки дуйнодо да аткарылбайт.
14.02.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлотуп эле койсо буларды!Жазуу турундо калып!Эч качан иш жузундо аткарылбайт!Ушул кишида ойу менен фантазия жарата берет экен жаш балада андай кылбайт!Сыйкырчы Фантазёр болуп эле албаптыр! Жакында Фантазёр атка коносун! Фантазёр Исаков!
Azatbek83 түзөттү 2018-02-14 16:51:04
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: