super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналдунун уулу кийимдерди жарнамалайт

 

Ал Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү. "Алтын топтун" 5 жолку ээси. Испан чемпиондугунун жана клубдар арасындагы Дүйнө биринчилиги, бир сөз менен айтканда, мыкты бомбардир.

Ооба, сөз португалиялык футболчу, "Реал" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду тууралуу. 33 жаштагы футболчунун Криштиану аттуу 8 жаштагы уулу, Ева жана Мэтью деген эгиз балдары, ошондой эле Алана Мартина аттуу кызы бар экенин билсеңиз керек.

Футбол ааламын дүңгүрөткөн Криштиану Роналдунун тун баласы атанын уулу деген сөзгө татыктуу. Анткени 8 жаштагы Криштиану атасынын CR7 деген кийимдер брендинин жүзү болуп, атасынын жеке ишкерлигине салым кошууда. Ал CR7 брендинин жынсы кийимдеринин жарнамалык ролигине тартылгандан кийин күйөрмандары тарабынан жакшы кабыл алынган.

Учурда Криштиану экинчи ирет кийимдер линиясынын жарнамасына тартылып, кроссовкалардын жаңы моделин көргөзүүдө.

Футболчу: "Уулумдун менин брендиме болгон кызыгуусу күн санап артып жатканын байкап жатам. Криштианунун CR7 Junior линиясын чыгарууда мага идея кошуп, жардам берип, жигердүүлүгүн көрсөтөрүн алдын ала байкагам. Ал өзгөчө табитке ээ болгондуктан, кийинүүдө дайыма стилдүү көрүнөт", - деп билдирген бир маегинде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
14.02.2018. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Отец одиночка))))
Бул баласы атасына окшоп калуусунан кудай сактап, таза чонойсун. Бир жагынан ушул балага боорум ооруйт, эне мээримисиз чонойду, т е карын эненин таштаган баласы(((.
14.02.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_myrza,Атасы эмне экен,билип-билбей жаза бересинби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: