super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндө апта сайын короз мушташ өтөт, кирүү акысы 20 сом" дейт окурман

 

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Куршаб айылында ар жуманын шейшемби күндөрү короз мушташы уюштурулат. Бул тууралуу "Элдик кабарга" окурман билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, корозун уруштуруу үчүн алып келгендердин саны көп. Адегенде "мушкер короздор" көлөмүнө, тажрыйбасына жараша кожоюндары аркылуу атаандаштарына бөлүштүрүлөт.

"2 короздун мушташы аз дегенде 1 саатка, болбосо 2 саатка чейин созулат. Андыктан келген короздордун баары эле "рингге" чыгууга үлгүрбөйт. Ортого кадимкидей акча белгилеп алышат, мисалы, уруша турган 2 короздун ээлери өз ара сүйлөшүп, жеңилгени жеңгенине 5 миң сомго чейин берген учурлар болот. Мындан тышкары көрүүчүлөрдүн да 30-40 пайызы акча чыгарып, байге фонду түзүлөт. Короз мушташты көргөнү келгендер өтө көп болгондуктан, кирүү акысы 20 сомдон. Бул күнү жергиликтүү тургундар тамак-аш даярдап келип көрүүчүлөргө сатып, соода кылышат. "Мушташ залында" көрүүчүлөр үчүн шарттар түзүлгөн, отургучтар коюлуп, тосмолор орнотулган. Короздор мушташкан жерге кум төгүлгөн", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Өзгөндөгү короз мушташ

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.02.2018. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул нерсе арам. Короз,кочкор,ит,бука,тоо,жылкы уруштурган бул арам нерсе.
14.02.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
короз уруш жакпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: