super.kg logo

Парламент комитети унааларды каттоо мөөнөтүн узартууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды

 

Кечээ, 13-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында унааларды каттоо мөөнөтүн узартууга багытталган мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаков аталган мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

"Долбоор аркылуу "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдын транспорт каражаттарын каттатуу бөлүгүндөгү мөөнөттү 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга бардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калып жатат. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү сунуш кылынууда. Анда автоунаа ээси унааны каттатуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн сексен эсептик көрсөткүчтө айып пул төлөөсү каралган. Ал эми юридикалык жактарга жүз элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынмакчы", - дейт Манас Сарымсаков.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорду колдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: