Тамекинин калдыгын унаанын терезесинен таштагандарга жазаны күчөткөн мыйзам сунушталууда
Кыргыз жергесинде таштандыларды ар жерге таштап жүргөндөргө жазаны күчөткөн мыйзам коомдук талкууга коюлду. Анын автору Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова.
Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоору шаарлардын жана башка калктуу конуштардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, адамдардын жашоосу жана саламаттыгы үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
"Жалпы пайдалануудагы жерлер, сейил бактар, гүлбактар, көчөлөр семичкенин, тамекинин калдыктары, баштыктар жана башка майда таштандылар менен булганган, көптөгөн көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолору турмуш-тиричилик таштандыларга толгон.
Мында коомчулук тарабынан буларга карата шайкеш реакция жок, бийликтин тиешелүү жергиликтүү органдары болуп жаткан көйгөйлөр менен тиешелүү деңгээлде күрөшө албай жатышат. Бүгүнкү күндө биздин коомдун жалпы маданияты төмөндөөдө, көпчүлүк жарандар үчүн таштандыларды көрүнгөн жерлерге таштоо нормалдуу көрүнүш болуп саналат.
Андан дагы ар түрдүү таштандылар менен булгоо биздин өлкөнүн туристтик жагымдуулугуна терс таасир этүүдө", - дейт Мавлянова.
Буга байланыштуу турмуш-тиричилик таштандыларды таштоо, күйгүзүү үчүн төмөнкүдөй көлөмдө айып пул салуу сунушталууда:
- Жарандарга 3 миң сомдон 8 миң сомго чейин;
- Кызмат адамдарына 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин.
Өндүрүштүк таштандыларды таштоо, күйгүзүү үчүн:
- Жарандарга 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин;
- Кызмат адамдарына 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин.
Унаадан таштандыларды жана башка буюмдарды жолго калтыруу, таштоо үчүн 2 миң сом айып салууга алып келет.
Кагаздар, ороочтор, фантиктер, бөтөлкөлөр, баштыктар, тамекинин калдыктары менен көчөлөрдү, сейил бактарды, гүлбактарды, көп батирлүү үйлөрдүн короолорун жана башка коомдук жерлерди булгоо үчүн 2 миң сом айып пул салынат.


бизде кантип иштейт ошол мага табышмак болуп турат,